Өткөн суткада республиканын аймагында сегиз өрт кырсыгы катталды

11:16, 29 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында сегиз өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте төрт, Жалал-Абад облусунда үч, Ошто бир өрт чыкты.

Өрттү өчүрүүгө жети күжүрмөн эсеп тартылды.