14:58, 28 февраля 2024, Бишкек - 24.kg
Ысык-Көл облусунда майнинг-фермасын электр тармактарына мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК Каракол райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте электр тармактарына мыйзамсыз кошулган майнинг-ферманы аныктады.
«Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринде электр тармактарына мыйзамсыз кошулуп, электр энергиясын уурдоо менен майнинг-фермасы түзүлгөн. Криптовалютаны чыгаруу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттер уюштурулган. Тинтүү учурунда үйдүн кампасынан криптовалютаны иштетүү үчүн 12 даана жабдуулар табылып алынды», — деп айтылат маалыматта.
Учурда келтирилген зыянды эсептөө иштери жүрүп жатат.