Ош облусунда «Бир айыл — бир продукт» улуттук экономикалык долбоорунун бренд комитетинин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Бренддик комитеттин жыйынынын негизги максаты — адамдарды ишкерликке кызыктыруу, жергиликтүү аймактык продукциянын имиджин жана брендин түзүүгө жардам берүү.
«Жыйында жергиликтүү ресурстарды колдонуу менен өндүрүлгөн продукциялар тандалып алынып, Ош-Брендинин БАБП сертификаттары ыйгарылды», — деп айтылат маалыматта.
Брендди алган продукциялар:
Жемиштер жана жаңгактар — Турдумаматов Бакыт;
Жемиштер жана жаңгактар менен печенье — «Адеми» кондитердик цехи;
Бал кошулган лимон нектары — «Тепе-Коргон татымы» кайра иштетүүчү цехи;
Лимон ширеси (100 пайыз) — «Тепе-Коргон татымы» кайра иштетүү цехи;
Айва менен алма ширеси — Салибай кызы Уулкан;
«Курманжан Датка» балы — «Алай Тоо Асели» кооперативи;
Нокот печенье — Раатбек кызы Айгерим;
Курма уксусу — Абдуллаева Хуриятхан;
Жыгачтан жасалган кол өнөрчүлүк — «Wood Atelier» жыгач студиясы;