Баткенде бир катар уурулукка шектелген жаран кармалды

10:10, 28 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Кызыл-Кыяда «бир топ адамдардын буюмдарын уурдаган» деген шек менен 21 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Разьезд, Сухана, Сулайманабад, Кара-Дөбө айылдарында жашаган тогуз жаран үйлөрүнө белгисиз дам кирип, телефондорун жана баалуу буюмдарын уурдаап кеткенин билдирип, арыз жазышкан.

Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Шектүү катары Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Ж.Э. аттуу21 жаштагы тургуну кармалды. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгон.

Анын Кызыл-Кыя шаарындагы убактылуу иштеткен караоке жайынан далил буюм катары планшеттер, кол телефондор, жана кол сумкалар алынды.

Кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.