Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында алты өрт кырсыгы катталды

12:23, 27 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында алты өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкекте үч, Чүй облусунда эки, Ысык-Көлдө бир өрт чыкты.

Өрттү өчүрүү үчүн жети күжүрмөн эсеп тартылды.