10:09, 27 февраля 2024, Бишкек - 24.kg
«Ош» эл аралык аэропортунда коюу туман жана кардан улам каттамдар кармалууда. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
Учурда бир нече каттамдар кармалууда. Ошондой эле аба ырайына байланыштуу Стамбул жана Москвадан Ошко учуп келе жаткан каттамдар Бишкекке конду.
«Ош» аэропортунун аймагында учуу көрүнүшү: горизонталдуу - 100 метр, вертикалдуу - 46 метр.
Түштүк борбордогу учуу абалын аэропорттун онлайн тактасынан байкоого болот.