Кыргызстандык режиссердун тасмасы эл аралык кинофестивалга тандалып алынды

09:41, 27 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Чолпон Жанадылдын «Унутулгандар» тасмасы эл аралык кинофестивалга тандалып алынды. Бул тууралуу тасманын режиссеру социалдык тармакта билдирди.

«Сүйүнчү! Биздин «Унутулгандар» кыска метраждуу тасмабыз Швециянын Lulea аттуу шаарында өтүүчү LIFF эл аралык кинофестивалына расмий тандалып алынды! Буюрса, жеңишин күтөбүз!», — деп жазган ал.