13:13, 26 февраля 2024, Бишкек - 24.kg
Бул иш жумасы узагыраак болот. Ишемби, 2-март, беш күндүк иш графиги боюнча иштеген кызматкерлер үчүн жумуш күнү болот.
Эскерте кетсек, кыргызстандыктар жыл башында 8-январга чейин жаңы жылдык узак эс алууга чыгышкан.
Министрлер кабинетинин дем алыш күндөрүн жылдыруу жөнүндөгү токтому боюнча айрым күндөр, тактап айтканда, 4-январдагы иш күнү 2-марттын эс алуу күнүнө жылдырылган.