12:35, 26 февраля 2024, Бишкек - 24.kg
Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев камакка алынды. Маалыматты 24.kg агенттигине Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.
Сот УКМК тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырды.
Камчыбек Жолдошбаев тергөө иштери бүткөнгө чейин, тактап айтканда 19-апрелге чейин камакта болот.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана «Беш-Сары» ишканасынын негиздөөчүсү (аталган фирма Ош базарынын аймагында эки соода үйүнө ээ жана көмүр жеткирип турат) салык төлөөдөн качуу жана алдамчылыкка айыпталууда. «Беш-Сары» ЖЧКсынын администрациясы көп жылдардан бери кош бухгалтердик эсепке алуу иштерин жүргүзүп келгени аныкталган.