Лейлек районунда соода борборунан өрт чыкты

12:03, 26 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айылында жайгашкан үч кабаттуу соода борборунан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 21:10дон тарта жалпы беш күжүрмөн эсеп тартылып, саат 22:40да чектөөгө алынган. Саат 00:10до толук өчүрүлгөн.

«Өрттүн жалпы аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзгөн. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок», — деп айтылат маалыматта.