Комсомольск-на-Амуреде (Россия) 2006-2007-жылдары туулган спортчулар арасында турнир болуп өттү. Бул тууралуу Instagram социалдык тармагында kyrgyzstanboxing билдирди.
Амантур Жумаев (54 килограммга чейин) коло медалдын ээси болду.
Зафарбек Камилов (51 килограммга чейин) жана Мырзакир Кошалиев (92 килограммдан жогору) алтын медаль утушту.
Турнирге Россия, Кыргызстан, Монголия, Казакстан, Өзбекстан жана Беларустан келген 17 жана 18 жаштагы мушкерлер катышты. Жалпысынан 13 салмак категориясында 120дан ашык спортчу күч сынашты.