09:55, 23 февраля 2024, Бишкек - 24.kg
Республикалык илимий-техникалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-18-февраль күндөрү мектеп окуучулары үчүн республикалык млим, техника жана өндүрүш жумалыгы өткөрүлдү. Анын алкагында мектеп окуучулары Бишкек жана Ошто Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары менен жолугушуп, жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен тегерек столдорго катышып, ишкана, фабрика, завод, устаканаларга экскурсияларга катышышты.
Ошондой эле «Илим + Ойлоп табуу = Техника!» республикалык илимий-техникалык олимпиадасы өткөрүлдү. Олимпиадага бардык облустан 18 команда катышып, катышуучулардын иштерин калыстар тобу баалашты.
Илимий-техникалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү:
I орун:
II орун:
III орун:
«Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы мектеп окуучуларын илимий изилдөө жана өндүрүш менен тааныштыруу, аларды STEM предметтерин үйрөнүүгө жана техникалык кесиптерге кызыктыруу максатында 16 жылдан бери республикалык илим, техника жана өндүрүш жумалыгын өткөрүп келет», — деп кошумчалады мекеме.