06:57
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

«Беш-Сары» ишканасынын негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты кармалды

УКМК «Беш-Сары» ишканасынын негиздөөчүсү Ж.К. салык төлөөдөн качуу жана алдамчылыкка шектелип кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, козголгон кылмыш ишинин алкагында «Беш-Сары» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Ж.К. тарабынан уюштурулган (аталган фирма Ош базарынын аймагында эки соода үйүнө ээ жана көмүр жеткирип турат) өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуунун механизмдерин аныкталды.

«Беш-Сары» ЖЧКсынын администрациясы көп жылдардан бери кош бухгалтердик эсепке алуу иштерин жүргүзүп келгени аныкталган.

Ижара келишимин түзүүдө формалдуу түрдө төмөндөтүлгөн сумма белгиленген, ал эми иш жүзүндөгү наркы расмий түрдө көрсөтүлгөндөн бир нече эсе жогору болгон. Реалдуу баанын өлчөмү базарда сатылып жаткан товарлардын кымбатташына да алып келген.

Ошондой эле «Беш-Сары» ишканасынын бухгалтериясы салыктык отчеттуулук документтеринде соода жайлары үчүн алынган пайданы жасалма түрдө төмөндөтүп, салык органдарына жалган маалыматтарды берип келген.

Мисалы:

Иш жүзүндө ижарачы «Беш Сары» ЖЧКсынын администрациясына бир соода түйүнү үчүн 16 миң 100 сом төлөйт, бирок келишим боюнча төмөндөтүлгөн сумма 9 миң 600 сом деп көрсөтүлүп турат, андан сырткары фискалдык органдар үчүн отчеттук документтерде 4 миң 800 сом көрсөтүлгөн, башкача айтканда алынган пайданы төмөндөтүү 280 пайызды түзөт.

Ишкерлерге документтин экинчи нускасы берилген эмес. Соода түйүндөрүн өз каражаттарынын эсебинен оңдоп-түзөгөн ижарачылардын ижарага алуу укугун жана шарттарын тастыктаган документтери жок болгон. Башкача айтканда, «Беш-Сары» ЖЧКсынын жетекчилиги соода жайын каалаган убакта башка ижарачыга өткөрүп бере алган.

21-февралда Ж.К. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгилүү болгондой, «Беш-Сары» ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана негизги ээси Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаев. Бул фактыны ал өзү бир нече жолу тастыктаган.

Эң көп окулган жаңылыктар