16:50, 21 февраля 2024, Бишкек - 24.kg
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев камактан чыгарылды. Маалыматты 24.kg агенттигине Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан тастыкташты.
Ага ылайык, 12-январда УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган.
«Буга чейин Замирбек Карашевге карата тандалган камакка алуу бөгөт чарасы башка жакка чыкпоо жөнүндө тил катына өзгөртүлдү», — деп билдиришти соттон.
Эске салсак, экс-чиновник 2023-жылдын октябрь айында эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу беренеси боюнча шектелип кармалган.