USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын байгелери тапшырыла баштады

16:02, 21 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылы 25-декабрдан 30-декабрга чейин өткөрүлгөн «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабынын жеңүүчүлөрүнө байгелерин тапшыра баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«Байгелерди тапшыруу план менен жүрүп жатат. Салык кызматкерлери байгени тапшыруу күнүн жана убактысын тактоо үчүн лотереянын жеңүүчүлөрү менен байланышууда», — деп билдирди Салык кызматы.

 Байгелерди алуу толугу менен акысыз!

Лотереянын экинчи этабында жалпысынан 1 миң 244 баалуу байгелердин жеңүүчүлөрү аныкталган. Анын ичинде 10 батир, 11 электромобил жана Дубайга эки кишилик 4 жолдомонун ээлери бар. Мекемелер аралык байкоочу комиссия жеңүүчүлөрдүн лотереяга катышуу эрежелерин сактагандыгын текшергенден кийин 21 катышуучунун утуштары жокко чыгарылды.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика