Шашылыш билдирүү. Кыргызстандын жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

12:18, 21 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык 21-февралдан 22-февралга чейин түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү, кар күрткүсү күтүлүүдө. Атап айтканда:

  • Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымдарында;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында (Кызыл-Бел ашуусу);
  • Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси);
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу);
  • Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында (Сөөк ашуусу).

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.