«Абдыш-Ата» футболдук клубу «Спартакка» утулуп калды

10:46, 21 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Канттын «Абдыш-Ата» футболдук клубу «Спартакка» (Москва) утулуп калды. Бул тууралуу клубдун социалдык тармактагы баракчасында маалымдалды.

Контролдук беттеш 0:4 эсеби менен аяктады.

Кийинки оюн 22-февралда FC Dubai City командасына каршы болот.

Эскерте кетсек, «Абдыш-Ата» клубу Бириккен Араб Эмиратында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп жатат.