Уруксат берүүчү документи жок күйүүчү май сакталган кампа аныкталды

17:11, 20 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Рейд учурунда уруксат берүүчү документтери жок күйүүчү майды сактаган кампа аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди

Бишкек шаарындагы жеке автобазанын аймагындагы кампадан эсепке алынбаган 14миң 930 литр күйүүчү-майлоочу майлар табылган.

«Болжолдуу түрдө алар андан ары мыйзамсыз сатуу үчүн сакталган. Азыркы учурда продукция убактылуу алынып, эсепке алынбаган КММди мамлекеттик кирешеге конфискациялоо маселеси боюнча материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилет», — деп айтылат маалыматта.