Дагы 100гө жакын жаран Сириядан Кыргызстанга алынып келинди

16:51, 20 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Сириядан Кыргызстандын 99 жараны, анын ичнен 28 аял жана 71 бала мекенине алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерде жайгаштырылган репатрианттарды кайтарып келүү боюнча кезектеги «Айкөл 5» гуманитардык миссиясы Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулду.

Кыргыз тарабы оор абалда калган жарандарды репатриациялоо боюнча бешинчи ири операцияны ийгиликтүү өктөрүүдө көрсөткөн көмөгү жана логистикалык колдоосу үчүн америка тарабына жана эл-аралык өнөктөштөрүнө ыраазычылыгын билдирет.

Расмий маалыматтар боюнча, 2023-жылы Сириядагы лагерлерден Кыргызстандын 339 жараны мекенине алынып келинген.