Эртең Бишкектин түштүк-батыш бөлүгүндө суу өчүрүлөт

16:25, 20 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Эртең, 21-февралда борбор калаанын түштүк-батыш бөлүгүндө муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ичүүчү суу Шералиев көчөсүндөгү суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Саат 10:00дөн 18:00гө чейин Жайыл Баатыр, Арча-Бешик, Куюкова, Муромский, Ахунбаев, Садырбаев көчөлөрүндө болбойт.

Фото


«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.