Кыргызстандыктар жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында алтын жана коло алышты

14:03, 20 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Ирандын Тегеран шаарында жеңил атлетика боюнча Азия чемпионаты аяктады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Мелдештин жыйынтыктоочу күнүндө Айнуска Калил кызы 3 миң метр аралыкты 9 мүнөт 27,18 секундада чуркап, коло медаль тагынды. Ал эми Нурсултан Кеңешбеков 8 мүнөт 8,85 секунда көрсөткүчү менен биринчи орунду ээледи.

Буга чейин Айнуска Калил кызы 1,5 миң метр аралыкка чуркоодо күмүш, Нурсултан Кеңешбеков алтын медаль багындырган.