Кыргызстанда бир суткада тогуз өрт кырсыгы катталды

11:35, 20 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында тогуз өрт кырсыктары катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ош, Талас облустарында бирден, Жалал-Абад облусунда эки, Чүй облусунда беш өрт кырсыгы катталды.

Өрттү өчүрүү үчүн он күжүрмөн эсеп тартылды.