«Түндүк» тиркемесинде батирлерди сатып алуу же сатуу мүмкүнчүлүгү пайда болот

09:44, 20 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

1-марттан баштап «Түндүк» тиркемесинде батирлерди онлайн сатып алуу-сатуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул тууралуу Х социалдык тармакгында президенттик администрациянын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев билдирди.

Анын айтымында, сатуучу жана сатып алуучу тиркемеде биоидентификациялоодон өтүп, булуттук кол тамгаларын колдонушу керек.

«Бардык маалыматтарды система өзү толтурат жана таризделген документтерди качан алыш керектиги боюнча билдирүү жөнөтөт», — деп жазган Азамат Буржуев.