FIFА уюмунун өкүлдөрү Ташиевди КФСтин президенттигине шайланышы менен куттуктады

09:23, 20 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев Эл аралык футбол ассоциациясынын (FIFA) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу КФС билдирди.

Фото

FIFA уюмунун аймактык ассоциацияларды өнүктүрүү боюнча менеджери Андрей Вашкевич жана башкаруу кызматынын улук менеджери Ахмед Харраз Камчыбек Ташиевди кызматка шайланышы менен куттукташты.

Тараптар өлкөдө футболду өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Кыргызстан FIFA уюмунун ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Бишкекте кечээ кезексиз жыйын өттү. Конгресстин бардык делегаттары Камчыбек Ташиевди Кыргыз футбол союзунун президенттигине бир добуштан шайлашты. Ошондой эле КФСтин аткаруу комитетинин жаңы курамы бекитилди.