14:54, 19 февраля 2024, Бишкек - 24.kg
Президент Садыр Жапаров «Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө» жарлыгына өзгөртүү киргизди. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө конкурс өткөрүү, аны түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө жобонун 2-главасы 221-пункт менен толукталды.