12:34, 16 февраля 2024, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарынын мектептеринде үч күн сабактар кыскартылып өтүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, билим берүү департаменти мэр Айбек Жунушалиевдин кеңешмесинин жыйынтыгында сабактарды кыскартып өткөрүү боюнча буйрук чыгарды.
«Бала бакчалар кадимки режимде иштеп жатат. Бирок ата-энелер кааласа балдарын чоңдордун көзөмөлүндө үйдө калтыра алышат», — деп билдирди мекеме.
Мындан тышкары, жеке менчик билим берүү уюмдарына Кыргызгидрометтин аба ырайы тууралуу маалыматын эске алуу менен окуу процессин уюштуруу сунушталат.
Бишкек шаарынын мэриясы бул жагдайга окуу процессинин бардык катышуучуларын түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.