Баткенде баңгизат колдонууга шектелип тез жардам унаасын айдоочусу кармалды

16:22, 15 февраля 2024, Бишкек - 24.kg , Замира НИЯЗБЕКОВА

Баңгизатын колдонууга шектелип Баткендеги ооруканалардын биринде тез жардам унаасын айдаган айдоочу менен дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

«Ыкчам иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө облустун 43 жана 50 жаштагы тургундарынын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылып, колдонгон шаймандары менен кошо алынган», — деп айтылат маалыматта.

Кылмыш жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо), 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, алынган заттар баңгизаттын гашиш түрү экендиги аныкталды.

Кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилди.