10:28, 15 февраля 2024, Бишкек - 24.kg
Эмгек министрлиги Москвадагы эмгек мигранттарына санариптик милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полисин кантип акысыз алууга болору тууралуу маалымат берди.
Мекеме 15-февралдан тарта Москва шаарында иштеген кыргызстандыктар милдеттүү медициналык камсыздандыруунун санариптик полисин ала аларын маалымдады. Ал үчүн министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнө Малая Полянка көчөсү, үй № 7 дареги боюнча баруу керек. Каттоо ар бейшемби күнү саат 11.00дөн 17.00гө чейин жүргүзүлөт.
Алуу акысыз. Төмөнкү документтердин түп нускаларын гана көрсөтүү керек (18 жаштан баштап чет өлкөлүк жарандар үчүн):
Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун санариптик полиси: