USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Салык төлөөдөн качуу фактысы. Эт базардын жетекчилери кармалды

13:28, 14 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Ош базарынын аймагындагы «Фирма Акиф» жоопкерчилиги чектелген коомунун эт базарында ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Акиф Фирма» ЖЧКсы кош бухгалтердик эсепти түзүп, соода жайларын жана орундарын ижарага берүүдөн чогултулган каражаттар тийиштүү түрдө документтештирилбей, финансылык документтерде эсепке алынбастан төлөм жүргүзүлгөн. Ошол эле учурда базар жетекчилери күн сайын ижарачылардан 100 миң сомго жакын акча чогултуп, бирок жеке баюу жана салык төлөөдөн качуу максатында каржылык отчеттордо алынган пайданын көлөмүн 90 пайызга чейин кем баалашкан», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле анын жетекчилери алдамчылык аракеттери менен өзгөчө ири өлчөмдө жабырлануучунун мүлкүн тартып алганы аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде фирманын негиздөөчүсү жана башкаруучу директору кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика