10:40, 14 февраля 2024, Бишкек - 24.kg
Ысык-Көлдө бактарды мыйзамсыз кыюу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун аймактарында мыйзамсыз бак-дарактарды кыюунун беш фактысын аныктап, кыйылган 47 даана Тянь-Шань карагайын жана 3 даана теректи табышкан.
Бардык аныкталган фактылар райондук ички иштер бөлүмдөрүндө катталып, келтирилген материалдык чыгымды аныктоо үчүн материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди.