Кыргызстанда 69 мамлекеттик дарыкана ачылды

09:48, 14 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 69 мамлекеттик дарыкана ачылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Оштогу  «Эл Аман» дарыканаларынын ачылышында билдирди.

Министр калкка сапаттуу жана арзан дары-дармектер жеткиликтүү болгонун, быйыл республика боюнча мамлекеттик дарыканалардын жалпы санын 100гө жеткирүү пландалып жатканын белгиледи.

«Республика боюнча 69 мамлекеттик дарыкана иштей баштады. Дарыканаларда турмуштук маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген 1 миң 500дөй дары-дармек бар», — деди ал.

Алымкадыр Бейшеналиев ошондой эле Россияга болгон жумушчу сапарынын алкагында ал жактагы өндүрүш ишканаларынан дары-дармектерди жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалып жатканын кошумчалады. Мунун аркасында дарыкананын ассортименти мындан ары да көбөйт.