09:48, 14 февраля 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 69 мамлекеттик дарыкана ачылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Оштогу «Эл Аман» дарыканаларынын ачылышында билдирди.
Министр калкка сапаттуу жана арзан дары-дармектер жеткиликтүү болгонун, быйыл республика боюнча мамлекеттик дарыканалардын жалпы санын 100гө жеткирүү пландалып жатканын белгиледи.
«Республика боюнча 69 мамлекеттик дарыкана иштей баштады. Дарыканаларда турмуштук маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген 1 миң 500дөй дары-дармек бар», — деди ал.
Алымкадыр Бейшеналиев ошондой эле Россияга болгон жумушчу сапарынын алкагында ал жактагы өндүрүш ишканаларынан дары-дармектерди жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалып жатканын кошумчалады. Мунун аркасында дарыкананын ассортименти мындан ары да көбөйт.