Аукциондо Камчы Көлбаевга таандык болгон беш автоунаа сатылды

17:45, 13 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Аукциондун жыйынтыгы боюнча буга чейин кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык болгон беш унаа сатылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги билдирди.

Электрондук аукциондун жыйынтыгы боюнча сатылган машинелер:

  • HYUNDAI GENESIS 2019-жылы чыгарылган, 3 миллион 17,4 миң сомго сатылган;
  • TOYOTA LAND CRUISER PRADO 2005-жылы чыгарылган, 1 миллион 498 миң сомго сатылган;
  • KIA RIO X-LINE 2019-жылы чыгарылган,1 миллион 241,2 миң сомго сатылган;
  • BMW X6 2021-жылы чыгарылган, баасы 7 миллион 661,2 миң сом;
  • TOYOTA LAND CRUISER 100 2002-жылы чыгарылган, сатылган баасы 1 миллион 187,7 миң сом;
  • ГАЗ-21 1965- жылы чыгарылган, 481,5 миң сомго сатылган.

Алгачкы беш унаа буга чейин Камчы Көлбаевге таандык болгон. ГАЗ-21 машинесинин мурдагы ээси ким экени белгисиз. Машина ыктыярдуу түрдө мамлекеттин менчигине өткөрүлгөнү гана белгилүү.