17:10, 13 февраля 2024, Бишкек - 24.kg
Президент Садыр Жапаров Newpath Partners компаниясынын директору Томас Кэхилл менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, энергетикалык сектор инвестиция үчүн узак мөөнөттүү артыкчылыктуу багыт катары аныкталган. Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактарынын чоң потенциалына ээ, бирок гидроэнергетикалык потенциалдын 13 пайызын гана пайдаланат. Буга байланыштуу ал Кыргызстанда эң келечектүү жана экономикалык жактан пайдалуу болгон энергетика тармагын инвестициялоого мыкты мүмкүнчүлүк бар экендигин белгиледи.
Өз кезегинде Томас Кэхилл биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстан менен реалдуу кызматташууга даярдыгын жана ниетин билдирди. Ал өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун кызыгуу менен изилдей турганын белгиледи.