USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Ош шаарында туристтер үчүн «Босого» маалымат борбору ачылды

16:16, 13 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында туристтер үчүн «Босого» маалымат борбору ачылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, маалымат борбору Ош шаарындагы аэропортто ачылды.

«Бул жерде Кыргызстанга келген туристтер кайсыл кызыктуу жерлерге барууну, мейманканалардын, гиддердин жана логистикалык компаниялар боюнча маалымат берилет, жакшы кафе тамак жей турган жайлар сунушталат, сим-карта алууга жардам берилет жана зарыл болгон учурда документтерди кантип түзүү керектиги айтылат», — деп белгиледи фонд.

Бишкектеги Улуттук тарых музейинин имаратында жана «Манас» аэропортунда «Босого» маалымат столдору ийгиликтүү иштеп жатат.

«Ошондой эле мессенжерлер (W/A, Telegram) аркылуу чалуулар үчүн 7000 номери жана 0755007000 номери менен күнү-түнү иштеген байланыш борбору бар. Акыркы бир айдын ичинде алар төрт миңге жакын суроо-талаптарды аткарышты», — деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика