15:20, 13 февраля 2024, Бишкек - 24.kg
Эми «Түндүк» мобилдик тиркемесинде жаңы пенсиялык күбөлүк санариптик документи жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди.
Пенсиялык күбөлүк санариптик документи кагаз түрүндөгү документ менен бирдей юридикалык күчкө ээ жана аны мамлекеттик органдарга көрсөтүү талап кылынган бардык учурларда колдонсо болот.
Санариптик документти колдонуу үчүн жаран төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:
Пенсиялык күбөлүк сыяктуу санариптик документтерди киргизүү жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарды алуу процессин бир топ жеңилдетет. Бул инновация бардык керектүү документтерди санариптик түрдө түздөн-түз смартфондо сактоого мүмкүндүк берип, жеткиликтүүлүктү жана колдонуунун ыңгайлуулугун жакшыртат.