USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Улгайган адамдардан 6 миң доллар опузалап талап кылган шектүүлөр кармалды

14:53, 13 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

6 миң доллар пара алуу фактысы боюнча Кыргызстандын эки жараны кармалды. Бул жөнүндө УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Белгиленгендей, кармалгандар каттоо жана нотариалдык органдарындагы байланыштары аркылуу кыймылсыз мүлккө болгон жеке менчик укугунан ажыратуу менен коркутуп, Чолпон-Ата шаарынын улгайган тургундарынан 6 миң доллар опузалап талап кылышкан.

Алар 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алуу учурунда кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалган жарандардын алдамчылык аракеттеринен жапа чеккен дагы башка жарандар болсо Каракол шаары, Кутманалиев көчөсү, № 148 дарегине же, 0392251180, 0555540052 байланыш телефон номерлери аркылуу УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына кайрылса болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика