Кыргызстанда бир сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталды

10:22, 13 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад, Нарын, Баткен облустарында бирден, Бишкекте жана Ош облусунда эки жерден, Чүй облусунда төрт өрт кырсыгы чыккан.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 14 күжүрмөн эсеп тартылды.