Мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 25-январда кабыл алган. Анда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жазасынан бошотуу жана айрым категориядагы адамдардын эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасынын өтөлүп бүтө элек мөөнөтүн кыскартуу каралган.
Кабыл алынган мыйзам «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби тууралуу» мыйзамдын 6-беренесинде белгиленген адамдарга жана 7-беренесинде белгиленген кылмыштардын түрлөрүнө карата колдонулбайт.
Буга чейин бул мунапыска 600 киши илинери кабарланган.
Жаза аткаруу кызматынын январдын аягындагы маалыматына ылайык, өлкөдө соттолгондордун жалпы саны 7 402 адамды түзсө, алардын 6 495и абакта отурат.