Бакыт Чомоев «Кыргызавтожол» ишканасынын башкы директору болуп дайындалды

16:33, 12 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Бакыт Чомоев Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Жаңы директор жамаатка тааныштырылды. Бакыт Чомоев буга чейин «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары болуп иштеген.