14:49, 12 февраля 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 5-февралдан 11-февралга чейин бир жума ичинде курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун 7 миң 216 учуру катталган. Бул туралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жумага салыштырмалуу оору бир аз азайган.
Ооругандардын жарымынан көбү 14 жашка чейинки балдар.
Мындан тышкары, COVID-19 инфекциясынын жумалык мониторинги уланууда. Бир жумада төрт учур катталган, алардын бири Бишкекте жана Ошто, экөө Чүй облусунда.
Эпидемиялык абал көзөмөлдө.