Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды

12:08, 12 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун аймагынан издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Н.Д. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү катары өтүп жатат.

ИИМ
ИИМ

Ал коомдук жайларда орнотулган, адамды жүзүнөн таануу функциясы бар видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалган.