Журналист Эрмек Аттокуров үй камагына чыгарылды

09:52, 12 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Опузалап талап кылууга шектелген журналист Эрмек Аттокуров үй камагына чыгарылды. Чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту кабыл алды.

Адвокаттын маалыматына караганда, бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү өтүнүчү менен тергөөчү сотко кайрылган.

Буга чейин Чүй облустук ички иштер башкармалыгы А.Э. аттуу жаран Т. А. менен сүйлөшүп, укук коргоо органдарынын кызмат адамынан 1 миллион сом акча талап кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирген.

Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «Опузалап талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголгон. Журналист кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.