CAFA чемпионаты. Кыргызстандын футзал боюнча курамасы үчүнчү орунду ээледи

09:30, 12 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Тажикстандын Душанбе шаарында футзал боюнча Борбор Азия футбол ассоциациясынын чемпионаты аяктады. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу социалдык тармактарда билдирди.

Кечээ Кыргызстандын курама командасы акыркы турда Өзбекстан командасына 2:8 эсебинде утулуп калды.

6 упай менен кыргызстандыктар Иран жана Өзбекстандан кийин үчүнчү орунду ээледи.