Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

15:22, 09 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 10-12-февраль күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Төө-Ашуу ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бел ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМ алыскы жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун тамак-аш жана ысык суу алууну сунуштайт. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

«Кандайдыр бир кырсыкка күбө болсоңуз «112» кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат», — деп белгиледи мекеме.