13:09, 09 февраля 2024, Бишкек - 24.kg
Эми Кыргызстанда курулуп жаткан объектилердин бардыгын картадан көрүүгө болот. Бул тууралуу «Ата Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.
Анын айтымында, Мамкурулуш санариптештирүү жаатында эки долбоорду ишке ашырды.
«Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин сайтынан кайсы курулуш компанияларынын лицензиясы бар экенин көрүүгө болот. Ошондой эле порталда өлкөдө курулуп жаткан 3 миңге жакын имарат көрсөтүлгөн. Алар мыйзамдуу түрдө курулуп жатабы же жокпу ошол жерден билүүгө болот. Карта компьютерде гана көрүнөт, ал азырынча телефондордо жеткиликтүү эмес», — деди Нурдан Орунтаев.