12:32, 09 февраля 2024, Бишкек - 24.kg
Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө мыйзамсыз курулган 224 объект аныкталган. Бул тууралуу «Ата Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.
Анын айтымында, 77 объект бул турак үйлөр. Алардын ичинен Бишкекте 38, Ошто 17, Ош облусунда 6, Жалал-Абадда 7, Чүй облусунда 8, Нарында 1 мыйзамсыз курулган турай үй аныкталган.
Мамкурулуштун башчысы 2023-жылы 1 миң 49 эреже бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, 38 миллион 504 миң сом айып пул жазылып, анын 21 миллиону өндүрүлгөнүн белгиледи.