Садыр Жапаров Ильхам Алиевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

14:54, 08 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул жөнүндө өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров Ильхам Алиевди 7-февралда өткөн кезексиз президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, боордош Азербайжан элине мындан ары да гүлдөп-өнүгүшүн каалады.

Өлкө башчылары ошондой эле кыргыз-азербайжан эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.