11:22, 08 февраля 2024, Бишкек - 24.kg
Саламаттык сактоо министрлигинде мекеменин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев жана гемодиализ жамаатынын өкүлдөрүнүн катышуусунда координациялык кеңешме өтттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда тууган донордон бөйрөк трансплантациясын өнүктүрүү боюнча буйругун ишке ашыруу маселеси каралды. Бөйрөк трансплантациясына муктаж реципиенттердин жана донорлордун реестрин өркүндөтүү, дарыгерлер топторун, анын ичинде иммунологдорду даярдоо, аларды чет өлкөлөрдө, Түркиянын адистештирилген клиникаларында окутуу талкууланды.
«Жыйынтыгында донорлорду жана реципиенттерди тандоо боюнча нефролог, уролог, тиешелүү министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрүнөн турган этикалык комиссиянын отурумун өткөрүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жана Кыргыз-Түрк достук ооруканасына иммуносупрессивдүү дары-дармектерди, реагенттерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу үчүн каржылоо маселесин иштеп чыгуу чечими кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин президент Садыр Жапаров гемодиализ алган кыргызстандыктарга бөйрөгүн бекер алмаштырып берүү тапшырмасын берген. Бүгүнкү күндө өлкөдө 2 миң 500дөн ашуун жаран гемодиализ алат. Алардын ичинен 50 бейтап донор таап, толук медициналык кароодон өтүп, бөйрөк алмаштырууга даярданып жатат.