CAFA чемпионаты. Кыргызстандын курамасы Иранга утулуп калды

09:22, 08 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Душанбеде өтүп жаткан Борбор Азия футбол ассоциациясынын чемпионатында үчүнчү оюнун өткөрдү. Бул тууралуу Улуттук курама команданын Instagram баракчасына жарыяланды.

Иран командасы менен болгон беттеш 0:11 эсеби менен аяктап, Кыргызстандын курамасы жеңилип калды.

Буга чейин Кыргызстан Түркмөнстан (3:1) жана Тажикстан (4:2) командаларын утуп алган.

Кыргызстандын командасынан тышкары тегерек система боюнча Тажикстан, Иран, Өзбекстан жана Түркмөнстандын курама командалары күч сынашат. Азырынча Кыргызстандын курамасы турнирдик таблицада Ирандан кийин экинчи орунда турат.

11-февралда Кыргызстан Өзбекстандын командасы менен беттешет.